СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Укуктук нормалар

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Укуктук нормалар»

Сабактын темасы: Укук нормалары.

Сабактын темасы: Укук нормалары.

Мамлекет – коомдогу адамдардын мамлекет жана бири-бири менен болгон мамилесин жөнгө салуучу институт. Өзүнүн күчтүү бийлигине жана күч-кубаттуулугуна карабастан мамлекет дайыма үй-бүлөгө таянып келген. Үй-бүлө коомдогу эң маанилүү социалдык топ болуп саналат.
  • Мамлекет – коомдогу адамдардын мамлекет жана бири-бири менен болгон мамилесин жөнгө салуучу институт. Өзүнүн күчтүү бийлигине жана күч-кубаттуулугуна карабастан мамлекет дайыма үй-бүлөгө таянып келген. Үй-бүлө коомдогу эң маанилүү социалдык топ болуп саналат.
Мамлекеттин жараны эң алгач үй-бүлөдөн тарбия алып, өсүп-өнүгөт. Ошондуктан, үй-бүлөнүн бекемдиги, үй-бүлөдөгү адептүүлүк жана жакшы тарбия мамлекеттин туруктуулугун, бекемдигин жана өнүгүүсүн камсыздайт .
  • Мамлекеттин жараны эң алгач үй-бүлөдөн тарбия алып, өсүп-өнүгөт. Ошондуктан, үй-бүлөнүн бекемдиги, үй-бүлөдөгү адептүүлүк жана жакшы тарбия мамлекеттин туруктуулугун, бекемдигин жана өнүгүүсүн камсыздайт .
Бала эң жөнөкөй туура жана туура эмес жүрүш-туруш эрежелерин, эмне мүмкүн, эмне мүмкүн эмес экендигин, жакшы менен жамандын айырмасын, улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү ызаттоо, ж.б. адептик баалуулуктарды үй-бүлөдөн үйрөнөт.
  • Бала эң жөнөкөй туура жана туура эмес жүрүш-туруш эрежелерин, эмне мүмкүн, эмне мүмкүн эмес экендигин, жакшы менен жамандын айырмасын, улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү ызаттоо, ж.б. адептик баалуулуктарды үй-бүлөдөн үйрөнөт.
Өзүнүн жүрүш-турушу үчүн жооптуу экенин түшүнүп, айлана-чөйрөдөгү адамдарга зыян келтирбеген иш-аракеттерди жасоого багыт алат. Бул моралдык жүрүш-туруш эрежелери менен жөнгө салынат. Мораль – коом тарабынан орнотулган жүрүш-туруштун эрежелеринин жана нормаларынын системасы. Мораль мааниси боюнча мыйзам жана укук түшүнүктөрүнө жакын. Анткени, мораль адамдын иш-аракетинин эркиндигине чектөө коет.
  • Өзүнүн жүрүш-турушу үчүн жооптуу экенин түшүнүп, айлана-чөйрөдөгү адамдарга зыян келтирбеген иш-аракеттерди жасоого багыт алат. Бул моралдык жүрүш-туруш эрежелери менен жөнгө салынат.
  • Мораль – коом тарабынан орнотулган жүрүш-туруштун эрежелеринин жана нормаларынын системасы. Мораль мааниси боюнча мыйзам жана укук түшүнүктөрүнө жакын. Анткени, мораль адамдын иш-аракетинин эркиндигине чектөө коет.
Укуктук нормалар – туура же жол берилген жүрүм-турумдун ченемдерин жана аны бузуунун кесепеттерин аныктаган, мыйзамдарда бекитилген жалпы эреже.
  • Укуктук нормалар – туура же жол берилген жүрүм-турумдун ченемдерин жана аны бузуунун кесепеттерин аныктаган, мыйзамдарда бекитилген жалпы эреже.
Мораль – коом тарабынан орнотулган жүрүш-туруштун эрежелеринин жана нормаларынын системасы. Моралдык нормалар адамды уяттуу иштерден, оор кылмыштардан, жалкоолуктан, ж.б. ушуларга окшогон терс иш-аракеттерден тыйып турат. Ошол эле мезгилде адамдын жүрүш-турушуна түздөн-түз таасир эткен укуктук нормалар колднулат. Укуктук нормалар моралдык нормалардын негизинде түзүлөт. Тагыраак айтканда адамзаттык баалуулуктардан келип чыгып, укук менен бекемделет

Мораль – коом тарабынан орнотулган жүрүш-туруштун эрежелеринин жана нормаларынын системасы.

  • Моралдык нормалар адамды уяттуу иштерден, оор кылмыштардан, жалкоолуктан, ж.б. ушуларга окшогон терс иш-аракеттерден тыйып турат. Ошол эле мезгилде адамдын жүрүш-турушуна түздөн-түз таасир эткен укуктук нормалар колднулат. Укуктук нормалар моралдык нормалардын негизинде түзүлөт. Тагыраак айтканда адамзаттык баалуулуктардан келип чыгып, укук менен бекемделет
 Укуктук нормалар жарандарга карата төмөнкү жүрүш-туруш эрежелерин белгилейт:    - милдеттендирүүчү. Мисалы, жаран Ата Мекенди коргоого, ата-энесин кароого милдеттүү; - анык бир иш-аракет үчүн укук. Мисалы, жалпы билим алууга укуктуу болгондуктан жаран мектепке барат, китеп окуйт, ж.б.; - тыюу салуучу. Мисалы, түндөсү музыка коюп, шаан-шөкөт уюштурууга тыюу салынат. Анткени бул башкалардын эс алуу укугун бузат.  

Укуктук нормалар жарандарга карата төмөнкү жүрүш-туруш эрежелерин белгилейт: 

  • - милдеттендирүүчү. Мисалы, жаран Ата Мекенди коргоого, ата-энесин кароого милдеттүү;
  • - анык бир иш-аракет үчүн укук. Мисалы, жалпы билим алууга укуктуу болгондуктан жаран мектепке барат, китеп окуйт, ж.б.;
  • - тыюу салуучу. Мисалы, түндөсү музыка коюп, шаан-шөкөт уюштурууга тыюу салынат. Анткени бул башкалардын эс алуу укугун бузат.