СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Үч мээрим" чыгармасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Үч мээрим" чыгармасы»

Үч мээрим Садырбеков Айдин

Үч мээрим

Садырбеков Айдин

 1-Бөлүм Бул жомокту мен алгачкы ирет атамдан уккам. Атам аны бала чагымда өз атамдан уккам дечү. Ага да өз атасы айтып бериптир. Иши кылып бул жомок бабадан атага, атадан балага өтүп, биздин Качы тукумдарынын ичинде, оо, көптөн бери мурас катары ооздон түшпөй келаткан эзелки жомок. Мен дагы бул жомокту бала кезимден тартып далай ирет уккам жана канча жолу уксам да эч качан тажачу эмесмин. Адегенде эле силерди эскертип коёюн, жомокто жыландын кызы Арзыгүл сулуу жөнүндө сөз болот.

1-Бөлүм

  • Бул жомокту мен алгачкы ирет атамдан уккам. Атам аны бала чагымда өз атамдан уккам дечү. Ага да өз атасы айтып бериптир. Иши кылып бул жомок бабадан атага, атадан балага өтүп, биздин Качы тукумдарынын ичинде, оо, көптөн бери мурас катары ооздон түшпөй келаткан эзелки жомок. Мен дагы бул жомокту бала кезимден тартып далай ирет уккам жана канча жолу уксам да эч качан тажачу эмесмин. Адегенде эле силерди эскертип коёюн, жомокто жыландын кызы Арзыгүл сулуу жөнүндө сөз болот.
Эсентур эмнеге дымый түштүң? Энеңдин колтугуна башыңды катып, коркуп жатасыңбы?
  • Эсентур эмнеге дымый түштүң? Энеңдин колтугуна башыңды катып, коркуп жатасыңбы? "Жомок айтып бер"-деп суранган да өзүң. Кечээ сен жетиге толдуң. Демек, эс кирип, ар нерсени түшүнүп калган кезиң. Ошондуктан, бул жомокту бүгүн баштап отурам. Коркпо, балам. Карачы, терезеден куюлган айдын нурун. Үйдүн ичи жаркырап күндүзгүдөй. Биз жашаган жерди Нооруздунсалаасы дейт. Төмөнкү, жака жагыбыз - Жайылманын талаасы. Илгери-илгери бул жерден Чүй боору алаканга салгандай көрүнүп турчу экен
Азыр болсо туш тарабыбыз дүңгүрөгөн айыл. Ага бак-шактын карааны кошулуп, талааны бүтүндөй жаап жатпайбы. Андыктан, Нооруздун алкымын өрдөп, бөксө жонго чыкмайынча Жайылманын түзөңү анча көрүнбөйт. Деги бул жер Чүй боорундагы касиеттүү жерлердин бири. Жайлоо десең жайлоого окшоп абасы салкын. Чөл десең чөлгө окшош, бирок какшыган аптап жок. Колдон түшкөн дан эгерим өнбөй калбайт. Сепкениңдин баары бышат. Дыйкандын акыбетин жебейт бул жер. Жана эле күндүз өзүң көрдүң го: жазында Медет байкең экөөң тиккен коондун уругу чылбыр байлап, түйүлүп калыптыр
  • Азыр болсо туш тарабыбыз дүңгүрөгөн айыл. Ага бак-шактын карааны кошулуп, талааны бүтүндөй жаап жатпайбы. Андыктан, Нооруздун алкымын өрдөп, бөксө жонго чыкмайынча Жайылманын түзөңү анча көрүнбөйт. Деги бул жер Чүй боорундагы касиеттүү жерлердин бири. Жайлоо десең жайлоого окшоп абасы салкын. Чөл десең чөлгө окшош, бирок какшыган аптап жок. Колдон түшкөн дан эгерим өнбөй калбайт. Сепкениңдин баары бышат. Дыйкандын акыбетин жебейт бул жер. Жана эле күндүз өзүң көрдүң го: жазында Медет байкең экөөң тиккен коондун уругу чылбыр байлап, түйүлүп калыптыр
Ой-Кайың кайда дейсиңби, Эсентур! Балам ай ал жерди мен өзүм да көрө элекмин. Мына бул Нооруздун ары жагында жадыраган жашыл өрөөн бар. Аны көргөнсүңөр. Ошондон ары Ысык-Атаны өрдөп жүрүп отурса ашуунун ары жагы Суусамыр, Суусамырдын Кызыл- Оюна жетпей Уруңкай деген кууш капчыгай аркылуу Ой-Кайыңга өтүшчү экен. Ой-Кайыңга Жумгал же Кочкор тарабынан да каттаса болот имиш. Баса, ошол Ой-Кайыңдагыбиздин кыштоо - Кара-Булактын секисинде. Чоң атабыз Качынын жыгачтан салынган тамы ушул кезде да бузулбаптыр.
  • Ой-Кайың кайда дейсиңби, Эсентур! Балам ай ал жерди мен өзүм да көрө элекмин. Мына бул Нооруздун ары жагында жадыраган жашыл өрөөн бар. Аны көргөнсүңөр. Ошондон ары Ысык-Атаны өрдөп жүрүп отурса ашуунун ары жагы Суусамыр, Суусамырдын Кызыл- Оюна жетпей Уруңкай деген кууш капчыгай аркылуу Ой-Кайыңга өтүшчү экен. Ой-Кайыңга Жумгал же Кочкор тарабынан да каттаса болот имиш. Баса, ошол Ой-Кайыңдагыбиздин кыштоо - Кара-Булактын секисинде. Чоң атабыз Качынын жыгачтан салынган тамы ушул кезде да бузулбаптыр. "Качынын ысык үйү" -деп коюшат экен ал жерди кыштаган малчылар.
Бөрүбайдын жашы ошондо отуздарда, күчкө толуп турган кези го. Анын той-тамашада сөөлөткө минчү күлүк аты жана үй-тиричилик менен чарбага пайдаланчу дагы бир бээсинен ашкан байлыгы болбоптур. Бөрүбайдын туткан кесиби - боз үйдүн сөөгүн жасоо экен. Боз үйдүн сөөгү деген эмне? Олда, балдарым ай, сурай бересиңер, сурай бересиңер… Унчукпай угуп турсаңар өзүм деле түшүндүрөт элем го.Кийиз жабуу жасалгасынан башка: кереге-уук, түндүк жана босого-аяк сыяктуу жыгач жарактарын илгеркилер боз үйдүн сөөгү деп коюшчу. Айтмакчы, Бөрүбай баатырдын кесиби жөнүндө баяндоодон мурда, алды менен анын Ой-Кайыңга кайдан жана кандайча келип
  • Бөрүбайдын жашы ошондо отуздарда, күчкө толуп турган кези го. Анын той-тамашада сөөлөткө минчү күлүк аты жана үй-тиричилик менен чарбага пайдаланчу дагы бир бээсинен ашкан байлыгы болбоптур. Бөрүбайдын туткан кесиби - боз үйдүн сөөгүн жасоо экен. Боз үйдүн сөөгү деген эмне? Олда, балдарым ай, сурай бересиңер, сурай бересиңер… Унчукпай угуп турсаңар өзүм деле түшүндүрөт элем го.Кийиз жабуу жасалгасынан башка: кереге-уук, түндүк жана босого-аяк сыяктуу жыгач жарактарын илгеркилер боз үйдүн сөөгү деп коюшчу. Айтмакчы, Бөрүбай баатырдын кесиби жөнүндө баяндоодон мурда, алды менен анын Ой-Кайыңга кайдан жана кандайча келип
Болбосо, Самат ажонун кенже кызы Арзыгүл жалаң атчан, жалаң тончон Бөрүбайды жактырып калат беле. Кызга жан оту менен ашык болгон Бөрүбай, Самат карыянын айлына биротоло байланган го… Адегенде муну эч ким элес албайт. Бир бечара жигит жүрөт да айылда деп тим коюшкан окшойт. Кийинчерээк, бир жылдан кийин Самат эки уулунун ашын берип, кыз-кыркыны менен жесирлердин башындагы карасы алынат. Мына ошонддо Бөрүбай менен Арзыгүл ачыкка чыгышса керек. Сөз Саматтан мурда, анын тун уулу Ибрагимбекке жетте. Селсаяк жигиттин дымагына Ибрагим таңгалат. Баш чайкайт.
  • Болбосо, Самат ажонун кенже кызы Арзыгүл жалаң атчан, жалаң тончон Бөрүбайды жактырып калат беле. Кызга жан оту менен ашык болгон Бөрүбай, Самат карыянын айлына биротоло байланган го… Адегенде муну эч ким элес албайт. Бир бечара жигит жүрөт да айылда деп тим коюшкан окшойт. Кийинчерээк, бир жылдан кийин Самат эки уулунун ашын берип, кыз-кыркыны менен жесирлердин башындагы карасы алынат. Мына ошонддо Бөрүбай менен Арзыгүл ачыкка чыгышса керек. Сөз Саматтан мурда, анын тун уулу Ибрагимбекке жетте. Селсаяк жигиттин дымагына Ибрагим таңгалат. Баш чайкайт.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.