Билерман ордо
интеллектуалдык таймаш
08.04.2026.
Акыл-деңизден терең,
Билим- тоодон бийик.
Максаты:
1.Логикалык ой жүгүртүү, эс тутумду өстүрүү.
2.Тапкычтыкка көнүгүү.
3.Окутуучу менен окуучунун ортосундагы мамилени чыңдоо.
Оюндун турлары
ТАРЫХ
БИОЛОГИЯ
ГЕОГРАФИЯ
ЛОГИКАЛЫК СУРООЛОР
ФИЗИКА
1-суроо
Күндөрдүн биринде Напалеонго анын тыңчылары
Москвада кедейлер көбөйгөндүгүн, акчанын кадырсыздыгын
жана дагы бир кемчилдикти айтып келишет. Муну уккан
Напалеон эми согуш баштоо мүмкүн деген чечимге келет.
Себеби эл арасында бул үч кемчилдиктин болуусу ал элди
жеңүүгө жардам берет деп эсептеген.
Суроо: Үчүнчү
кемчиликти сиз айтып бериңиз?
Жообу
Ачарчылык.
2-Суроо
«Илим жана жашоо» аттуу журналда жазылышына
караганда бул жаныбардын эң чоң эки жетишкендиги жана бир чоң кемчилдиги бар. Биринчи жетишкендиги,
ал өтө узак аралыкты көрө алат; ал эми экинчи жетишкендиги, ал аябагандай сулуу. Анын кемчилдиги болсо арткы тарабын жакшы көрө албайт.
Суроо: бул кайсыл жаныбар?
Жообу
Канаттуулардын сулуусу – тоок
3-Суроо
Африкалыктар эмнени “ак алтын” деп аташкан?
Жообу
Пилдин сөөгүн.
4-Суроо
Европанын кээ бир аймактарында “эшиги жок кафе”
деген сөздөр бар.
Суроо: бул сөздүн мааниси кандай?
Жообу
Алар 24 саат бою иштегендиги үчүн.
5-суроо
Суроо кыска! Кайсыл эркектин ысымы шахматчылар
жана кино багытындагылар үчүн атактуу болуп саналат?
Жообу
Жылдын эң мыкты шахматчысына да, кинофильмине
да «Оскар» сыйлыгы тапшырылат. Жообу “Оскар” сыйлыгы.
6-суроо
Мен азыр сизге эки тайпадагы өсүмдүктүн түрлөрүн санап бермекчимин:
1 – тайпа: жер жаңгак, картошка, жүгөрү,
фасоль;
2 – тайпа: арпа, буудай, күрүч, шекеркамыш, сулуу.
Суроо: эми болсо айтыңызчы, бул эки тайпанын ортосунда кандай
айырмачылык бар?
7
Жообу
Бул өсүмдүктөрдү аалымдар эмигранттар деп аташат.
1 – тайпадагы өсүмдүктөр Америкадан башка материктерге
таралган болсо, 2 – тайпадагылары, тескерисинче, Америкага
башка мамлекеттерден барган
7-Суроо
Дүйнөдөгү эң узун дарыя бул – Нил дарыясы. Ал эми
бизде Нарын дарыясы. Нарын дарыясынын узундугу – 535 км.
Кызыгы, аталган дарыяга байланыштуу 535 саны эки жолу
кезигет.
Суроо: биринчиси дарыянын узундугу болсо,
экинчиси кандай?
Жообу
Нарын дарыясына куйган чоң жана кичине
куймалардын саны да - 535.
8-Суроо
Улуу адамдардын аттарын түбөлүккө унутта
калтырбоо ж.б.у.с. иш–аракеттерге байланыштуу көптөгөн
Европа мамлекеттеринде, ал тургай бизде да ал адамдардын сүрөттөрү акча беттерине түшүрүлөт. А бирок улуу
адамдарды акча бетине түшүрүүнүн дагы
бир себеби бар.
Суроо: ал кандай себеп?
Жообу
Акчаны жасалмалоочулар алардын элесин тартууда
кыйналат, башкача айтканда, жасалма акча жасоочуларга
кыйынчылык жаратат.
9-Суроо
Тарыхтагы ар бир адамдын өзүнө жараша
артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Ал эми айтыңызчы,
атактуу кол башчы Напалеонду башка кол башчылардан
кескин түрдө айырмалаган күчтүү касиети эмне болгон?
Жообу
Напалеондун эске тутуу касиети күчтүү өнүккөн болуп, ал ар бир аскеринин атын атап бере алган.
10-Суроо
Төмөндөгүлөргө көңүл бөлүңүздөр: Белл – телефон;
Эдиссон – электр лампочкасы;
Форд – автоунаа;
Ага - ини
Люмерлер – кино.
Суроо: сиз окуган тизмеде кимиси
ашыкча?
Жообу
Автоунааны жасоого адамдар кыйла убакыт илгери
эле аракет жасашкан. Бул жерде Форд ашыкча.
11-Суроо
Бир гана 5 мамлекет ушул күнгө чейин бардык олимпиада оюндарында катышып келе жатат, алар: Австрия,
Улуу Британия, Щвейцария, Франция.
Суроо: 5 – мамлекет
кайсыл?
Жообу
Греция.
12-Суроо
Үй канаттууларынын бири бул – тоок. Япониялык аалымдар: тоок адамзатка 4 нерсе берди – деп айтышат.
Суроо:
тооктор адамзатка кандай 4 нерсе
калтыргандыгын айтыңыз?
Жообу
Япониялык аалымдардын пикири боюнча тооктор
адамзатка 1 – жумуртка,
2 – эт, 3 – канаттары (жазуучу
каражат катары),
4 – япониялык кыска тооктордун бут
издеринен иероглифтер жаралган.
13-суроо
Анын курамына 8 түрдүү нерсе кирет: папка, китеп,
дептер, ручка, карандаш, желим, сызгыч жана өчүргүч.
Суроо:
эмненин курамына жогорудагы
8 түрдүү предмет кирет?
Жообу
Өзбекстан мамлекетинин президентинин 1–класс
окуучуларына берилүүчү белегинин курамына.
14-Суроо
Байыры мезгилдерде деңиз жээгинде жашаган балык аңчылыгына чыккан адамдар эмнегедир түнкүсүн аңчылыкка
чыгышып, таң эрте менен кайтып келишкен.
Суроо: алар
эмне үчүн мындай иш – аракетти жасашкан?
Жообу
Анын себеби балыкчылар парустуу кемелерде
аңчылык кылышкан. Кеч киргенден баштап шамал деңизге карай, ал эми таңга маал жээкке карай согот
15-Суроо
Чыныгы адамдык сапаттарга ылайык үч нерсени дос
менен душмандарга ачып коюу керек: 1 - үйдүн эшигин; 2 – ак
дасторконду.
Суроо: үчүнчүсүн таап айтыңыз?
Жообу
Капчыкты
16-Суроо
Кайсы жаныбардын тили өзүнүн денесинен эки эсе
узун?
Жообу
Хамелеон
17-Суроо
Бул тамга дээрлик дүйнөнүн баардык
алфавиттеринде бир түрдүү жазылышы менен рекорд
орноткон.
Суроо: кайсыл тамга?
Жообу
«О» тамгасы.
18-суроо
Илгери төө менен жашоо өткөргөн адамдар сапарга чыгаар алдында төөнү суугарып, андан соң тойдуруп туруп
сапарга жол тартышкан. Ал эми сапарга чыкпаган учурларында болсо төөнү болгону суугарып гана жүрүшкөн.
Суроо: эмне үчүн сапарга чыкпаган учурлары төөнү
анчалык тойдурушкан эмес?
Жообу
Себеби тойгон төө ордунда турбай узакка кетип
калган, ал эми тойбогон төө адамдардан алыс кете албайт.
19-суроо
Бул азык суукта тоңбойт, ысыкта ирибейт, ар дайым бирдей температурада болот жана адам баласынын муктаждыгына, керектөөсүнө жараша курамы жана
кубаттуулугу боюнча өзгөрүлүп турат.
Суроо: бул кайсыл
азык?
Жообу
Эненин сүтү.
20-Суроо
Бөлмөдө болгону 6 мышык бар. Ар биринин
жанында 5 тен мышык бар.
Суроо: баарысы болуп бөлмөдө
канча мышык бар?
Жообу
6 гана
21-Суроо
Статистикалык маалыматтарга караганда, Францияда ал транспорт эң көп иштетилүүчү транспортко
кирет.
Суроо: сиз ал транспорттун атын атап бериңиз?
Жообу
Лифт
22-Суроо
Изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда сүт
эмүүчүлөрдүн арасынан бир гана пил менен адам баласы бир кыймыл – аракетти жасай алышат экен.
Суроо: сүт
эмүүчүлөрдүн арасынан бир гана адам баласы менен пил
жасай алуучу кыймыл – аракет кайсыл?
Жообу
Пил менен адам баласы башка сүт эмүүчүлөрдөн
айырмаланып баштары менен тура алышат.
23-Суроо
Инсандагы эң кымбат нерселердин бири бул –
убакыт. Римдик философ Сенеканын пикири боюнча, сиздин
убакытыңыздардын уурусу болуп дал ошол адамдар саналат
экен.
Суроо: кимдер?
Жообу
Сиз кайсыл адамдар менен көп сүйлөшөсүздөр.
Албетте, досторуңуздар менен. Сенеканын ою боюнча, сиздин
убакытыңыздардын көбүн досторуңуздар уурдайт экен.
24-Суроо
«Бул колониянын» мүчөлөрү бир дөбөдө жашап, бир
чуңкурда өлүшөт.
Суроо: алар эмнелер?
Жообу
Кумурскалар.
25-Суроо
Дүйнөдө эки эле жаныбардын өлүмүнө өздөрүнүн өлүмүнө анатомиялык, физиологиялык түзүлүшү себеп болот экен.
Алар кайсы жаныбарлар?
Жообу
Пил жана ташбака
26-Суроо
Тамак – аш даярдап жаткан мезгилде керегинен ашыкча ысырап болуучу нерсе бар.
Суроо: ал эмне?
Жообу:
Энергия
27-Суроо
Эйнштейн өзүндөгү согуштук жана күрөшүүчүлүк аракетинин жоктугуна байланыштуу спорттун бул түрү менен
машыгууну жактырган эмес.
Суроо: кайсыл спорттун түрү
Эйнштейнди эч качан
кызыктырган эмес?
Жообу
Шахмат
28-Суроо
Бир атактуу жазуучу өзү тууралуу жазып жатканда: мен Американын жазуучусумун, Россияда төрөлдүм. Англияда француз тилин үйрөндүм, көп убакытымды Германияда
өткөрдүм. Тилим англисче сүйлөп, кулагым французча укса да, жүрөгүм орус элиникиндей согот, – деп айтчу эле.
Суроо:
бул атактуу жазуучу ким?
Жообу
Владимир Владимирович Набоков.
29-Суроо
Кайсы тарыхый эстелик
“ Дүйнөдөгү эң узун көрүстөн“ деп аталат?
Жообу
Улуу Кытай дубалы
30-Суроо
Орто Азияда ал дарак касиеттүү эсептелинген.
Ачарчылык мезгилдеринде да анын бышкан мезгилине жеткендер аман калышкан. Ал эми аны кыркуу бактысыздык катары саналган.
Суроо: ал бүгүнкү күндө да биз көрүп
жүргөн кайсыл дарак?
Жообу
Тыт дарагы.
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!